Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Чолпон-Атада 13 млн сомго стадион курулуп жатат

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында курулуп жаткан стадиондун 90%ы аяктады. Мэриянын маалыматына караганда, стадион шаардагы Ишенбай Абдуразаков атындагы мектептин карамагында болот. Окуучулар менен катар шаар тургундары, футбол командалары стадионду колдоно алат. Буга ылайык коммерциялык тартип менен машыгууга келген чет элдик спорт клубдарын кабыл алуу каралууда.

Спорт аянтынын курулушу аяктаса жанына спортчулар үчүн жуунучу жайдын курулушу башталат. Шаардыктар жана коноктор үчүн баардык талаптарга жооп бере турган стадиондун узундугу 105, ал эми туурасы 65 метрди түзөт.

Стадиондун курулушуна Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 6 милион сом бөлүнгөн. Башка каржы булактары да чогулуп отуруп, жалпы наркы 13 миллион сомду түзүүдө. Үч жылдан бери курулуп жаткан стадион бир айдан кийин ишке берилет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 586
Көп окулду
×