Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Балыкчыда былтыр 20 мас айдоочу кармалып, 98 адам унаа айдоо укугунан ажыратылган

Turmush -  Балыкчы шаарында өткөн жылдын 12 айында 20 айдоочу мас абалында кармалып, 98 адам автоунаа айдоо укугунан ажыратылган. Бул тууралуу Балыкчы шаардык жол кыймылын камсыз кылуу бөлүмүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, былтыр шаарда 2017-жылы жол кырсыктарын алдын алуу жана профилактикалык иш-чараларды өткөрүү максатында 150 ар кандай рейддер өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө жол кыймылынын катышуучулары тарабынан 734 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Алардын ичинен мас абалында унаа башкарган 20 айдоочу кармалып, административдик протокол түзүлүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Жалпысынан жыл ичнде соттун кароосуна 305 административдик материалдар жиберилип, 98 адам автоунаа айдоо укугунан ажыратылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Көп окулду
×