Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-июнь
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдогу мектепте окуган Жазгүл бир күндө 15 кой кыркып, этти устукандайт (фото)

Turmush -  Тоң районундагы Туура-Суу 2 айылынын 18 жаштагы тургуну Жазгүл Аттокурова күнүнө 15 кой кыркууга жетишип, малды устукандаганды мыкты билет. Ал учурда айылындагы мектепте 11-класста билим алып жатат.

«Ата-энем мал чарба менен алектенип, алардан көп ишти үйрөнүп алгам. Эң алгач 8 жашымда уй саап, 14 жашымдан баштап бээ сааганга кириштим. Малды мууздап сойбойм, бирок устукандаганды жакшы билем. Тойлордо ата-энем бошобой калса этти өзүм устукандап, атам үйрөткөндөй даярдап коём.

10 жашымдан тарта кой кыркканды үйрөнө баштап, 15 жашка толгондон бери өз алдымча кыркып калдым. Күнүнө 15 кой кыркууга жетишем. Өзүм малга жакын болуп, мал чарбанын ишине кызыгам. Ошондой эле, үйдөн кийим тигип, апама да жардам берем», - деди ал.

Ошондой эле, ал мал чарбадагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Мен уй сааганды жаңы үйрөнүп жатканда апам оң жагынан сааса, мен сол жагынан саап үйрөнгөм. Атам мага жоош уйларды саадырчу. Бир жолу уйду бээ сагандай саап жатсам атам менен апам кечке шылдыңдаган, себеби бээни башкача ыкма менен саайт экен. Кийин көп саап жүрүп жакшы үйрөндүм.

Бир күнү кой кыркып жаткам. Кеч курун эң акыркы кой тажаганынан туруп алып качып кеткен. Мен аркасынан жетпей калып, бир жагы кыркылган, бир жагы кыркыла элек кой талаага чейин качып кетти.

Мал чарбачылыкка байланыштуу иштерди үйрөнүп алганым келечегиме жеңил болот деп ойлойм. Келечекте мугалим болууну кыялданам», - деди Жазгүл.

Ал 7 бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3769
Көп окулду
×