Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 20.02.2018 15:41

Чолпон-Атада текшерүүдөн кийин унаа жуучу жайлар жабылды (фото)

Turmush -  Мамэкотехинспкекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иштеген унаа жуучу жайлар текшерүүгө алынып жатат. Акыркы жылдары аталган аймактарда эч кандай уруксат кагаздары жок, экологияга зыян келтирип, өз билемдик менен иштеген мыйзамсыз унаа жуучу жайлар көбөйдү, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын адистери Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондорунун аймагында текшерүү жүргүзүп, техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузган унаа жуучу жайлардын ишин токтотуп жатат. Учурда Чолпон-Ата шаарында 2 унаа жуучу жай жабылды. Ал эми инспекторлордун мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген ишкерлердин иши прокуратура жана ички иштер органдарына өткөрүлүп берилүүдө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×