Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 19.02.2018 21:07 Жаңыланды: 20.02.2018 18:45 На русском

Фото — Ысык-көлдүк мугалим буту баспаган 12 жаштагы окуучусуна араба белек кылды

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы Ж.Алтымышбаев орто мектебинин мугалими Зардыкан Төлөмүшова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучусуна майыптардын арабасын белек кылды, деп билдирди Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

«Мен Ж.Алтымышбаев атындагы орто мектебинин 5-классынын жетекчиси болуп эмгектенем. Классымда мүмкүнчүлүгү чектелген окуучум бар. Ал 2006-жылы төрөлгөн. Мектепке жаңы киргенде ден соолугу жакшы эле болчу. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. 2015-жылы жай мезгилинде ойноп жатканда сокмо тамдын урандысы белине кулап түшүп, жүлүнгө доо кеткен экен. Анын кесепетинен баланын эки буту баспай калды.

Өзүм аларга табият таануудан сабак берем жана класс жетекчиси катары жумасына эки жолу сабак өтөм. Анын арабасы сынып калганын көрүп, үй-бүлөм менен кеңешип, 16 миң сомго араба алып бердик. Мындан сырткары, дары-дармектерине деп Бөкөнбаев айылындагы дүкөндөрдөн кайрымдуулукка акча чогултуп, 24 миң сомго дарысын алып бердик», - деди З.Төлөмүшова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×