Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 19.02.2018 12:51

Ысык-Көлдө 4 бала бакча ишке берилүү алдында турат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жаңы бала бакчалар ишке берилүү алдында турат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусу боюнча азыркы учурда курулуштары аяктап, ишке берүү алдында турган мектепке чейинки 4 мекеме бар.

«Алар Түп районунун Кудургу айылында, Тоң районунун Тоң айылында, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарында жайгашкан. Облустун элин бала бакча менен камсыз болуу 44%ды түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×