Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 15.02.2018 12:49

Чолпон-Атада Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында Ооган согушунан советтик жоокерлердин чыгарылгандыгынын 29 жылдыгына арналган эскерүү митинги болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ооган согушуна Ысык-Көл районунан 200гө жакын жоокер аттанып, анын 35и ошол жерде курман болгон. Учурда жалпы район боюнча 99 Ооган ардагери бар.

Эскерүү митингине Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев баштаган жетекчилер, ардагерлер, шаар тургундары катышып, алгач согушта курман болгондорго куран окулду. Алардын урматына арналып тургузулган эстеликтин алдына гүлчамбарлар коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×