Бөлүмдөр
Жума, 17-август
Ысык-Көл

Жети-Өгүздүн алыскы Ак-Шыйрак айылындагы чабандардын мылтыктары каттоого алынды (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун алыскы Ак-Шыйрак айылындагы чабандардын мылтыктары РИИБ тарабынан каттоого алынды. Бул тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, ички иштер кызматкерлери алыскы айылга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды кармоого болбой тургандыгын эскертишти. Тартип сакчылары жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эки чабандын мылтыгын каттоого алышкан.

Айыл аймак район борборунан 290 чакырым алыста жайгашкан, тургундар негизинен мал багуу менен алектенишет. Малчылар РИИБдин өкүлдөрү менен жолугушууда мылтыктар мал багууда коопсуздук үчүн керектигин айтышты.

Ошондой эле, алар ок атуучу куралдарды мыйзамсыз түрдө сактоо боюнча бир катар суроолорго жооп алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 690
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×