Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-май
Ысык-Көл

Түптө көк бөрүнүн жеңүүчүлөрү тай утуп алышты (фото)

Turmush -  Түп районунун Бирлик айылында улакчы-саяпкер, маркум Улдакан Шеримбековдун жаркын элесине арналган эки күнгө созулган көк бөрү боюнча улуттук оюндун жыйынтыгы чыгарылды. Түп райондук спорт комитетинин адиси Э.Майкадановдун айтымында, мелдешке жалпы 12 команда катышты.

«Биринчи орунду ээлеген жергиликтүү «Бирлик» командасы финалда «Саруу» (Жети-Өгүз району) командасын утуп, баш байгеге коюлган тайды утуп алышты. 2-орунду ээлеген «Саруу» командасы 15 миң сом, Ак-Суу районунун командасы 3-орунду ээлеп, 10 миң сом, 4-орунду ээлеген Жети-Өгүз районунун жаңыдан түзүлгөн «Жаш күч» командасы 5 миң сом утуп алышты», - деди Э.Майкаданов.

Шеримбеков Улдакан Базарбаевич 1950-жылы Түп районунун Бирлик айылында туулган. 1963-жылы эмгек жолун агасы Мукаш Калмамбетовго жардамчы койчу болуп баштаган. Советтик армиянын катарына 1972-жылы чакырылып, кайтып келгенден кийин СССРдин 50 жылдыгы атындагы колхозго өз алдынча чабан болуп эмгектене баштаган. Ал ар бир 100 койдон 150дөн козу алып, республика боюнча алдыңкы орундарды ээлеп, партиялык, советтик жана чарбалык сыйлыктардын ээси болгон.

Түп айылдык кеңешинин депутаты, айыл башы жана аксакалдар сотунун төрагасы болуп, «Ардактуу атуул» наамына татыган. Эгемендүүлүк алганы адегенде айылында, кийин райондо көк бөрү улуттук оюуну боюнча команда түзүп, өзү машыктыруучулук кылган. 2011-жылы ден соолугуна байланыштуу ардактуу эс алууга чыгып, мындан 4 жыл мурун катуу оорудан кийин каза болгон. Артында жубайы, 6 баласы калды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 684
×