Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Баракелде

Мамлекет 327 ымыркайга сүйүнчү берди

Turmush -  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ымыркайларга сүйүнчү берип баштады. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда АКИpress агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-январдан баштап 5-февралга чейин жарандардан жөлөк пул алууга 327 арыз түшкөн. Учурда алардын бардыгы балага сүйүнчү акчасын алышты. «Бир ымыркайга 4 миң сомдон берилди», - деп билдиришти министрликтен.

5-февралдан тарта арыздарды Мамлекеттик каттоо кызматынын мекемелери кабыл алып баштады. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, учурда жарандардан 128 арыз түштү.

Ал эми, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөдө эгиздер же үч эм төрөлсө, сүйүнчү алардын ар бирине берилерин кошумчалады. Тактап айтканда, үй-бүлөдө эгиздер төрөлсө аларга 8 миң сом берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 791
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×