Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.02.2018 18:39

Жети-Өгүздөгү Кызыл-Суу айыл аймагынын социалдык кызматкерине кылмыш иш козголду

Turmush -  Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Кызыл-Суу айыл аймагынын жооптуу кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүгүнүн (ири өлчөмдө пара берүү) негизинде кылмыш иш козголду. Райондук прокуратуранын маалыматына караганда, аталган кылмыш иш иликтөө үчүн УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Бүгүн, 12-февралда ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн социалдык суроолор боюнча башкы адиси А.К. УКМКнын Жети-Өгүз районундагы бөлүмүнүн ыкчам кызматкерине пара катары 30 миң сом берип жатканда кармалган. Ал аталган суммадагы акчаны айыл өкмөттөгү аныкталган каржылык эреже бузуулар тууралуу маалыматты жарыялабоо жана текшерүүнү токтотуу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына бир жолу төлөнүүчү жөлөк пулдун уурдалганын жашыруу максатында берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×