Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 12.02.2018 12:17

Тагдыр: 3 баласын жалгыз багып келген 29 жаштагы Бердибек басып кетүү үчүн жардам күтөт (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын 29 жаштагы тургуну, 1-топтогу майып Бердибек Канетов жардамга муктаж. Учурда анын тулку бою кыймылдабай, төшөктө жатат.

Өзүнүн айтымында, 2014-жылы Москва шаарына кетип, ал жакта эки жыл дүкөндө сатуучу болуп иштеп келген. Ал келинчеги менен ажырашып кеткенден кийин Москава шаарында 3 баласын өзү багып келген. 2016-жылы Кыргызстанга 1 айга эс алууга келип, үй алууну максат кылган. Ошол учурда дос балдары менен жолугуп, күрөшүп ойноп жатып моюн омурткаларын чыгарып алган. Ошондон тартып эки колу чыканакка чейин гана кыймылга келгени менен тулку бою кыймылдабай, төшөккө жатып калган.

Учурда Бердибек экинчи келинчеги менен агасынын үйүндө убактылуу жашап жатышат.

Келинчегинин айтымында, дарыгерлер Бердибекке Түркиядан операция жасатуу керектигин айтышкан. Операцияга 5 миң доллар керек болууда. Жолдошунун басып кетүүсүн тилеген келинчеги кайрымдуу жарандардан жардам сурайт.

Айыл башчысы Адилет Акылбеков учурда айыл эли да колдон келген жардамдарын берип жатканын маалымдады.

Жардам берүүнү каалагандар 0708 88 11 87 номуру аркылуу байланышса болот.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×