Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Тосор айылында 100 орундуу бала бакча ачылат

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Тосор айылында жаңы бала бакча ишке берилет. Бул тууралуу айыл башчы Эрмек Кускакбаев билдирди.

Анын айтымында, айылда долбоорлордун колдоосу менен 100 орундуу бала бакча салынды. Жалпысынан бала бакчаны курууга 28 млн сом каражат сарпталган.

«Учурда 25 тарбиячы ишке алынып, имараттын ички жасалгаларын толугу менен жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми ички эмеректери жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдүн көмөгү менен алынган. Жакынкы күндөрү бала бакча толугу менен ишке берилери күтүлүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 274
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:20,   24.02.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×