Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 12.02.2018 09:20

Түптө балыкка мыйзамсыз салынган торлор өрттөлүп жок кылынды (фото)

Turmush -  Түп районунда браконьерликке каршы кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз салынган балыктын торлору алынды. Бул тууралуу Түп районунун акиминин биринчи орун басары В.Ситчихин билдирди.

Анын айтымында, Түп райондук мамлекеттик администрациясы браконьерликке каршы жарыялаган үч айлыгына карата РИИБ, токой чарбасы жана Мамэкотехинспекциянын кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия мыйзамсыз балык кармагандарга каршы тиешелүү чара көрүү максатында кезектеги рейдге чыкты. Ага көл жээгинде жайгашкан Сары-Булак, Ак-Булак жана Кудургу айыл өкмөттөрү да катышты.

«Рейддин жүрүшүндө Кудургу айылынын жанындагы көлдөн ээси жок 100 метрлик тор табылып, өрттөө жолу менен жок кылынды», - деди акимдин биринчи орун басары жана комиссиянын төрагасы В.Ситчихин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×