Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

45 жаштагы Элчибек Жантаев Түп районунун акими болду (резюме)

Turmush -  Жантаев Элчибек Нуржадыевич мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков 9-февралда кол койгон.

Элчибек Джантаев

Э.Жантаев 1973-жылы 8-сентябрда Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында төрөлгөн. Билими жогорку, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин алган.

Эмгек жолу:

- 2003-2009-жылдары Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында статист-экономист болуп эмгек жолун баштаган;

- 2009-2012-жылдары Ак-Чий айылынын башчысы;

- 2013-2014-жылдары аталган айылдык кеңештин төрагасы;

- 2014-жылдан бери Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Сыйлыктары:

- 2010-жылы «Муниципалдык кызматтын мыктысы» төш белгисин;

- 2017-жылы «Айлана-чөйрөнү коргоонун мыктысы»;

- 2017-жылы ӨКМдин «Өзгөчө кырдаалды жоюуга катышканы үчүн» төш белгилерин алган. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясынын ардак грамотасынын жана башка бир катар грамоталардын ээси. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 582
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:20,   24.02.2018   ( 24 адам окуп жатат)
×