Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Түгөйлөш: Ысык-көлдүк Нурисаны көбү түрк актрисасы Ханде Эрчелге окшоштурат (фото)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылынын 15 жаштагы тургуну Нуриса Истамбекованы туугандары жана тааныштары түрк актрисасы Ханде Эрчелге окшоштурушат.

Нурисанын айтымында, аны актрисага бетинин түзулүшүн, күлгөнүн жана көздөрүн окшоштурушат.

Ханде Эрчел жана Нуриса Истамбекова

41

«Мен өзүм бул актрисанын көп сериалдарын көргөм. Сырткы келбетибизди бир аз окшоштурдум. Кээде көчөдө өтүп баратканда мени көргөндөр өзбек актрисаларына окшош экенсиң деп айтышат. Азыр мен 9-класста окуйм. Менин атам кыргыз, апам үйгур болгондуктан башка улуттагыларга да окшоштурушкандар көп»,- деди ал.

Нуриса Истамбекова келечекте дизайнер болууну кыялданып жатат. Төрт бир туугандын кичүүсү.

Ханде Эрчел 1993-жылы Түркиянын Бандырма шаарында төрөлгөн. 19 жашында Азербайжанда өткөн сулуулук сынагына катышып, экинчи орунга ээ болгон. Сынактан кийин аны кино жаатында өзүн актриса катары сынап көрүү сунуштары түшүп баштаган. Ал «Гюнештин кыздары» телесериалына тартылгандан кийин популярдуу болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5532
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×