Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 09.02.2018 16:26

Караколдун «Суу түтүк» ишканасынын жетекчиси С.Өмүркановдун иштен кетиши талкуу жаратты

Turmush -  Каракол шаарындагы «Суу түтүк» ишканасынын директору Сабыр Өмүркановдун кызматынан кеткендигин ишканын кызматкерлери шаар мэри жана өкмөттүн өкүлүнөн сурашты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Шаар мэри Д.Арпачиев анын себебин тургундарга түшүндүрүп берди.

«Сабыр Өмүрканов бул ишканада 10 жыл иштеди. Шаарда 80 миңге жакын киши жашаса, анын 42 миңи гана таза сууга акы төлөйт. Бул абал 10 жылдан бери эле ушундай. Абонент тартуу сыяктуу иш жасаган эмес. Социалдык фондго болгон карызы 15 млн сомду түздү. Суунун абалы начар, жайкысын суу ылай болот. Ушунун баары эске алынды», - дейт мэр.

Ал эми ишкананын кызматкерлери мурдагы жетекчи Сабыр Өмүрканов жакшы кызматкер болгондугун айтып, анын иштен кетиши саясат экенин белгилешти.

«Сабыр Өмүрканов эмгек жолун жөнөкөй кызматкерден баштап, кийин инженер, андан кийин жетекчи болгон. Өз ишин жакшы билет. Жаңы долбоорлор аркылуу суу сактагыч орнотуп, жаңы чубалгыларды тартты. Анын иштен алынышы саясат болуп кетти», - дешти кызматкерлер.

Ишкана боюнча суроолор көп болгондуктан У.Жылкыбаев маселени өзүнчө карарын айтып, ишкананын жетекчилеринин орду саясат болбошу керектигин айтты. Учурда ишканада жетекчинин милдетин аткаруучу болуп Каракол шаарынын депутаты Канат Ишембиев иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×