Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ысык-Көл

Балыкчы шаарынын көчөлөрүнө видеокамераларды орнотуу үчүн 10,2 млн сом бөлүндү

Turmush -  Балыкчы шаарынын көчөлөрүнө видео көзөмөлдөөчү камералар орнотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, шаардын көчөлөрүнө видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотууга жалпы 10 миллион 262,3 миң сом бөлүндү. Тендердин жыйынтыгы боюнча «Гранд ПРО» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, учурда тийиштүү даярдык иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 896
×