Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Чолпон-Атада мугалимдер мектепке жакын жайгашкан түрмөнү башка жерге көчүрүүнү өтүнүштү

Turmush -  Бүгүн, 8-февралда Чолпон-Ата шаарында облустун жетекчилиги жана министрликтердин өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, Ысык-Көл районунун аймагындагы ар кандай маселелерди талкууга алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйында шаардын 3-кичи районундагы А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери мектепке 200 метр жакын жайгашкан жатак абакты башка жерге которууну өтүнүштү.

Мугалимдердин айтымында, абактагылар эл жашаган аймакта эркин жүрүшөт жана түрмөнүн мектепке жакын жайгашышы кооптуулукту жаратат. Алар жатак абакты башка жерге көчүрүүнү жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнөн өтүнүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 474
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:20,   24.02.2018   ( 8 адам окуп жатат)
×