Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Жаш талант: Тоңдук Нурдөөлөт буту сынганына карабай, күрөш менен машыгууну улантууда (фото)

Turmush -  Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын 14 жаштагы тургуну Мирлан уулу Нурдөөлөт грек-рим күрөшү менен машыгып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал учурда К.Иманалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде 7-класста билим алууда.

«Мен грек-рим күрөшү менен машыгып, көптөгөн сынактарга катышып, ийгиликтерге ээ болуп жатам. 4-классымдан бери күрөш менен машыгам. Машыктыруучум Максат Жайлообаев, ал мыкты машыктыргандыктан жеңиштерге жетишип жатам. Биринчи жолу 5-классымда райондук мелдеште 1-орунду ээлегем, ошондо абдан сүйүнгөн элем. Спортко карата көз карашым өзгөрүп, спортко катуу бел байладым.

Спорт баардык адамга керек, бирок баардык адамдар эле спортчу боло албайт. Ошондуктан чыныгы спортчу болуу үчүн чыдамдуу болуу керек. Жакында эле күрөшүп жатып кокустан бутумду сындырып алдым. Бирок муну менен токтоп калбай, мелдештерге катышуумду улантып жатам. Үй-бүлөдө мен эле эмес иним да күрөшкө катышып, ийгиликтерге жетишүүдө. Ал да спортко кызыгат. Иним экөөбүздү ата-энебиз дайыма колдоп турушат. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиреткен чемпион болсом дейм», - деди Нурдөөлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 912
Көп окулду
×