Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 08.02.2018 10:44 На русском

Балыкчы шаарында быйыл биринчи жолу кар жаады (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында быйыл биринчи жолу кар жаады. Шаардын тургуну Бекназар Сагыновдун айтымында, Балыкчыга кар жылына 1-2 жолу гана жаайт, кээде такыр жаабайт.

«Быйылкы жылдын эсебинен бүгүн, 8-февралда биринчи жолу кар жаады», - деди ал.

Балыкчы шаары Ысык-Көлдүн батыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1640 метр бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик, кургак. Январь айында абанын орточо температурасы -6 градус болсо, жайы ысык, июль айында абанын температурасы +20 градуска жетет.

Жаан-чачын өтө аз, кышында кар жатпайт. Улан шамалы жылына орто эсеп менен 20-60 күндөй, кээде 40-100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы секундасына 40 метрге жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×