Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Ак-Сууда эже-сиңдинин диний көз караштан улам мектепке барбай жатканы талкууланды

Turmush -  Бүгүн, 7-февралда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Ак-Суу райондук координациялык кеңештин отуруму болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйынга айыл өкмөт башчылары, ички иштер бөлүмү, прокуратура, УКМКнын өкүлдөрү, ошондой эле, балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү катышты. Отурумда эки маселе каралды.

Биринчиси — өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыштуулук, экинчиси — Сары-Камыш айылындагы диний себептер менен эки кыздын мектепке барбай жаткандыгы тууралуу маселе.

Жыйында белгилүү болгондой, былтыр район аймагында өспүрүмдөр арасында жасалган кылмыштын саны мурдагы жылга караганда 6 фактыга көбөйгөн. Мындан улам ата-энелердин катышуусу менен мектептерде лекцияларды өтүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

2016-жылы райондо өспүрүмдөр тарабынан 9 кылмыш жасалса, былтыр алардын саны 15ке жеткен. Кеңешмеде Сары-Камыш айылындагы үй-бүлө менен кайрадан сүйлөшүүлөр жүрмөй болду.

Жыйында айыл өкмөт башчыга, үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнө, ички иштер бөлүмүнө тапшырмалар берилип, мектепке барбаган кыздардын атасын табуу жана аңгемелешүү тапшырылды. Учурда сабакка барбаган кыздардын атасы даваатка кетип, үйүндө жок экени айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 988
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×