Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Тоңдуктар борбордо футбол боюнча мелдеш өткөрүштү (фото)

Turmush -  Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын борбордо жашаган тургундары футбол боюнча мелдеш өткөрүштү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Улан Чойтонбаев билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 5 жылдан бери өтүп келет. Алгач Алтынбек Райымбеков, Тынчтык Керимкулов, Тынчтык Болгонбаев, Улан Чойтонбаев демилге көтөрүп, оюнду баштап беришкен. Мелдештин максаты — жаштардын арасындагы ынтымакты чыңдоо жана аларды спортко үндөө.

«Жакында Тоң айылы да өздөрүнүн футбол боюнча мелдешин өткөрүштү. Эми Төрт-Күл айыл аймагы дагы өткөргөнү жатат. Ал эми Ак-Терек айыл аймагы, Улахол айыл аймагы учурда даярдык көрүүдө. Жыйынтыгында 20 миң сомдук белектер тапшырылат», - деп билдиришти уюштуруучулар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1030
×