Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.02.2018 23:23 Жаңыланды: 08.02.2018 09:02

Тагдыр: Ысык-көлдүк Н.Доржиева майып иниси менен полу жок үйдө жашап жатат (фото, видео)

Turmush -  Тоң районунун алыскы Көл-Төр айылынын 50 жаштагы тургуну Нуркыз Доржиева майып иниси менен полу жок үйдө жашоого аргасыз. Аймактык кабарчы бул үй-бүлөдөн кабар алды.

Н.Доржиеванын айтымында, өзү жана 1972-жылы туулган иниси Кайырбек Доржиев дагы 2-топтогу майып.

«Биз жашаган үй өткөн жылы урап калгандыктан райондогу «Тоолуу өрөөн» коомуна жардам сурап кайрылгам. Аталган коом аркылуу район акимине кайрылуу жолдонуп, Көл-Төр айыл аймагынан 2 бөлмөлүү үй куруу тапшырмасы берилген. Үйдүн жанындагы кампаны Көл-Төр айыл аймагы 2 жылдан бери оңдоп жатканы менен бүткөрүлбөй жатат», - дейт ал.

Ал учурда полу жок үйдө жашап, майыптыгы үчүн алган 3 миң сом жөлөк пул менен гана тиричилик кылып жатышкандыгын белгиледи. Ошондой эле, өзү майып болгондуктан иниси Кайырбекке документ ала албай жатканын айтат.

Бир туугандар учурда күн суук болуп жаткандыктан отун-суусу жок кыйналып жатышканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×