Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Ысык-Көл

Балыкчыда Суулуу-саздак жерлерди коргоонун эл аралык күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында Суулуу-саздак жерлерди коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бул күнгө утурлай №7 Калыгул Бай уулу мектебинин биология сабагынын мугалими Ү.Курболдоева 9-класстын окуучуларына ачык сабак өткөрдү.

Иш-чаранын максаты — суулуу-саздак жерлерди жана анда байырлаган канаттуу-жаныбарларды коргоо азыркы учурдун талабы болуп жатканын келечек ээлерине жеткирүү. Себеби суулуу-саздак жерлер адамзаттын жашоосунда чоң мааниге ээ. Алар таза сууну топтоп, жер астындагы жана агып жаткан сууларды калыпка салат, атмосферадан көмүр кычкыл газын бөлүп, топтойт. Ал жерлерге түркүн канаттуу-жаныбарлар мекен кылып, байыр алышат.

Ачык сабакка Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигин өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарды жана биотүрдүүлүктү сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Р.Акулов, Биология, топурак таануу институтунун зоология лабораториясынын жетекчиси А.Давлетбаков, Жапайы жаныбарларды коргоо коомунун илимий кызматкери С.Сагынбаев, өкмөттүк эмес жапайы жаратылышты коргоо коомунун башчысы С.Кулагин, «Ысык-Көл биосфералык аймак» дирекциясынын экологиялык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси М.Исмаилов келди.

Алар окуучуларга айлана-чөйрөнү, көлдөрдү сактоо, жаратылышты коргоо, суулуу-саздак жерлердин экологияга тийгизген таасирлери туурасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 2001-жылдан тартып «Ысык-Көл биосфералык аймагы» түзүлүп, БУУ тарабынан кайталангыс экосистемаларды сактоо боюнча аймак катары тизмеге кирген. Биосфералык аймактар жөнүндө мыйзамынын талаптары, экологияны сактап калыш үчүн кандай максаттуу иш-аракеттер аткарылышы керектиги туурасында балдарга маалыматтар айтылды. Адистер Улуттук илимдер академиясы, Туризм департаменттери менен бирдикте, тыгыз байланышта иштеп жатышканын билдиришти. Чет элдик эс алуучуларга арналган үгүттөө баннерлерин илишкенин, анда кагазды тандайсызбы же желимдиби деген сыяктуу экологиялык маанилүү фразалар жазылганын айтышты. Жыйынтыгында сабакка активдүү катышып, суроолорго туура жооп берген окуучуларга атайын даярдап келишкен белектерин тапшырышты.

Ачык сабакка улай «Ысык-Көл биосфералык аймагынын» музейинде окуучуларга суулуу-саздак жерлерде өскөн өсүмдүктөрдү, канаттууларды, жаныбарларды тааныштыруу иштери улантылды.

«Ысык-Көл биосфералык аймагынын» илим, мониторинг жана экологиялык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Кененбаеванын айтымында, «Ысык-Көл биосфералык аймагында» 50дөн 100 жүзгө чейин канаттуулардын түрү кездешет, 39 түрү кызыл китепке кирген. Жазгы, күзгү санак жүргүзүлүп турат. Кышкысын башка жерлерге салыштырмалуу жылуу болгондуктан, көп канаттуулар кыштайт.

«Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коргоо кызматкерлери коруктун аймагында жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, көздүн карегиндей сактоону, кийинки урпактарга өз калыбында өткөрүп берүү максатынды ири иштерди кылып жатышат. Каражаттын бөлүнүшүнө жараша, жаздын кириши менен биотехникалык иштерди – көл жээгиндеги, корук аймагындагы канаттууларга акырларды орнотуп, жем чачуу иштери аткарылат», - деп билдирди Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коргоонун башчысынын орун басары М.Сыдыков.

Биосфера тармагынын өкүлдөрү жарандарга Ысык-Көл берметибизге эс алганы келгенибизде, артыбыздан калдыктарыбызды тазалап, бирөө таштап кеткен болсо кайдыгерлик кылбай, экологияны сактоого болгон үлүшү катары көрүп, таштандыларды алып коюуларын айтып, кайрылышты.

Дүйнөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн улуттук иш-аракеттер жана эл аралык кызматташтык аркылуу суулуу-саздак жерлерди коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу максатында 1971-жылы Ирандын Рамсар шаарында «Суулуу-саздак жерлерди коргоо» жөнүндөгү конвенция кабыл алынган. 1975-жылы конвенция күчүнө кирип, азыркы мезгилде дүйнөнүн 169 мамлекети келишимди кабыл алып, 2243төн ашуун суулуу-саздак жерлер эл аралык мааниге ээ болуп келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1099
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×