Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.02.2018 08:20

Фото — Чолпон-Атада жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн акысыз дүкөн ачылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын борбордук базарында кайрымдуулук дүкөнү ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ачылышка Ысык-Көл райондук администрациясынын аппарат жетекчиси, акимдин орун басары Динара Акматова, Чолпон-Ата шаарынын мэри Акылбек Саралаев катышты.

Дүкөн базардын жетекчилигинин демилгеси менен ачылып, бул жерге мындан ары аялуу катмардагы, социалдык жактан жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөр келип, кийим-кече, азык-түлүктөрдү акысыз алып турушат. Дүкөндү ачуу демилгесин базарда иштеген ишкелер колдоого алышып, ар бири салымын кошкон.

«Чолпон-Ата» базарынын башчысы Анара Мусаеванын билдирүүсүндө, алар шаардык мэриядан жардамга муктаж адамдардын тизмесин алып, аларды дүкөндүн ачылыш аземине чакырышкан. Ачылышка келген 110 жаран өздөрүнө керектүү кийимдерди тандап, азык-түлүк да алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×