Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ысык-Көл

Теплоключенка айылында суу түтүктөрүн алмаштырууга 150 млн сом керектелет

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында суу түтүктөрүн алмаштырууга 150 млн сом, чыпкалоочу курулмаларды жаңыртууга 39 млн сом керектелет. Бул тууралуу аталган айыл аймактан маалымдашты.

Маалыматка караганда, айылда таза суу маселеси көйгөй жаратып келет. Айылда 1956-жылдан бери суу түтүктөрү жаңыртыла элек. Эсептөөлөр боюнча суу түтүктөрүн алмаштырууга 150 миллион сом керектелет. Айыл калкынын саны көбөйүп, таза сууга болгон муктаждык өсүүдө.

«Айыл өкмөт демөөрчү издеп, маселени оңунан чечүүнүн аракетин жасашууда. Мындан тышкары, айылда суу чыпкалоочу курулманын эскилиги жетип, керектен чыгып жатат. Аны жаңыртуу үчүн 39 млн сом каражат керек экен», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 785
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×