Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Ысык-Көлдүн жетекчиси бала бакчаны чиновниктерди чакырып, шаан-шөкөт кылбай ачууну сунуштады (фото)

Turmush -  Тоң районунун Тоң айылында бала бакчанын курулушу бүткөрүлүп, учурда анын расмий ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Бөкөнбаев айылында өтүп жаткан жыйында айтылды.

Маалым болгондой, жыйынга өкмөттүн облустагы өкүлү У.Жылкыбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, район акими, Кажы-Сай, Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б.Мамбетов айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Жолугушууда жетекчилер тургундардын суроолоруна жооп берип жатышат. Айыл эли жалпысынан мектеп, бала бакча жана суу боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

У.Жылкыбаевдин айтымында, ар бир маселени объективдүү кароо керек. Себеби, кээ бир айылдарда мектеп, бала бакча, маданият үйү бар, бирок тургундар спорт зал салып берүүнү суранышат. Бирок кошуна айылдарда мектеп же бала бакча дагы жок.

Мындан тышкары, жыйында жаңы салынып бүткөн бала бакча ишке берилбей жатканы тууралуу сөз болду.

«Акыркы убакта бала бакча же социалдык объектилер курулуп бүтсө аны губернатор, премьер-министр же башка чиновник келип, расмий ачып берсин деп шаан-шөкөткө айлантып алдык. Бала бакчанын курулушу бүтсө пайдаланууга бергиле. Балдар бала бакчага бара берсин. Эгер ошончо эле тасма кесип ачылсын десеңер иштеп жаткан учурда деле тасмасын кесип коёбуз», - деди У.Жылкыбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 797
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:20,   24.02.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×