Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк К.Токтосунова майыптарга кол өнөрчүлүктү акысыз үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айылынын 61 жаштагы тургуну Кенжекан Токтосунова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кол өнөрчүлүккө үйрөтүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 12 жашынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал кийизден түрдүү шырдактарды, ар кандай буюм-тайымдарды жасап, сайма сайып, табигый аралашмалардан жүндүү боёгон түрдүү боёкторду чыгарат.

«Кол өнөрчүлүк аркылуу 18 чет өлкөдө болуп, кийиз менен иштөөнүн сырларын үйрөндүм. Кийин Кыргызстандагы алдыңкы уздардын катарына кошулуп, «Эл аралык чебер» наамына ээ болдум. Учурда Тамчы айылында 20 киши эмгектенген чакан ишканам бар. Буга чейин жалпы өлкө боюнча 4000ге жакын кишиге кол өнөрчүлүктүн түрлөрүн үйрөткөн болсом, эми ар жекшемби күндөрү Чолпон-Ата шаарына келип, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кол өнөрчүлүктү акысыз үйрөтүп жатам», - дейт Кенжекан Токтосунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 448
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×