Ысык-Көлдө рейд учурунда балыктарын, торлорун сууга ыргытып качкан 2 браконьер кармалды (фото)
Turmush - Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Тоң жана Ысык-Көл райондук бөлүмдөрү браконьерликке каршы 3 айлыктын негизинде атайын рейд өткөрүштү, деп билдирди аймактык кабарчы.
Мамэкотехинспекциянын райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурлан Жолдошбаевдин айтымында, рейд Чолпон-Ата шаарында башталып, Балыкчы шаарына чейин уланды.
«Рейд учурунда алгач Чоң-Сары-Ой айылында көл үстүнөн эки браконьерди көрдүк. Алардын жанына баргыча балыктарын жана торлорун сууга ыргытып, өздөрү качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Эки браконьер Тору-Айгыр айылынан кармалып, алардан эски кайык, 7 балык 5 тору менен алынып, мыйзам чегинде документтер толтурулду», - деди ал.
Ал белгилегендей, мындай рейддер тез-тезден өткөрүлүп турат.