Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.02.2018 20:44

Балыкчылык жаштар балдардын кризистик борборуна көмүр түшүрүп беришти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 5-февралда Балыкчы шаарындагы «Багыт» балдар кризистик борборуна 1 тонна көмүр берилди. Бул тууралуу мэриянын алдындагы «Жаштар ордосунун» төрагасы Э.Токонбаев билдирди.

Анын айтымында, мындай демилге «Жаштар ордосунун» мүчөсү Б.Аралбаев жана «Балыкчы жаштар ынтымагы» жаштар коомдук бирикмесине мүчөлүк кылган балдарга тийиштүү.

«Катуу суукка байланыштуу кыштан жылуу-жумшак чыгышын максат кылган жаштар балдар кризистик борборуна 1 тонна көмүр түшүрүп беришти. Мындан тышкары аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 3 мүшөктөн көмүр берилди», - деди ал.

«Багыт» балдар кризистик борборунун жетекчиси Т.Абамуслимов белгилегендей, борбордо бүгүнкү күндө 10 бала тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×