Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ысык-Көл

Балыкчыда үй-жайы жок адамдарга ысык тамак берилди (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдарга бир маал ысык тамак берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Социалдык коргоо башкармалыгынын социалдык кызматкери Г.Мамытованын айтымында, ысык тамак уюштурууга жергиликтүү бюджеттен 32 миң сом бөлүнгөн. Буга кошумча эркектер башка, аялдар башка жатакана менен камсыздалышкан.

«Суук түшкөндөн бери Балыкчы шаарындагы үй-жайсыз адамдарга ысык тамак уюштурулууда. 31-январда социалдык кызматкерлер ар кимиси өзүнө бөлүнгөн аймактан үй-жайсыз адамдарды алып келишкен. Көбүнчө участкалык милиция менен иштешип жатабыз», - деди ал.

Ал эми мэриянын социалдык маселелер боюнча башкы адиси А.Калыковдун айтымында, алар бейөкмөт уюмдар менен тыгыз иштеп жатышат.

«Айрым адамдар түнкүсүн медицина жана ички иштер кызматкерлерине түшүп калышат. Аларды убактылуу калыбына келтирүүчү жайларга алып келип, профилактикалык иштерди жүргүзүп жатабыз», - дейт А.Калыков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 741
×