Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусу 01.02.2018 11:58

Майрамбек Таалайбеков Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетти

Turmush -  Майрамбек Таалайбеков Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 42 жаштагы М.Таалайбеков өз каалоосу менен арыз жазган. Ал облустун прокурору болуп 2017-жылдын 12-июлунда дайындалган болчу. Ага чейин — 2012-жылдын октябрынан тарта 2017-жылдын июнуна чейин Ысык-Көл районунун прокурору болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×