Бөлүмдөр
Ишемби, 24-февраль
Ысык-Көл

Жети-өгүздүк шайыр апалар элдик ырларды жаңыртты

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында «Шайыр апалар» тобу отчеттук концерт беришти. Бул тууралуу айылдык маданият үйүнүн башчысы Аманкан Мамбетова маалымдады.

Анын айтымында, «Шайыр апалар» тобун түзүү демилгесин элеттик айымдар көтөрүшкөн. Буга чейин ар кандай маданий иш-чараларга катышып келген апалар биригип топ түзүшкөн.

«Учурда 55 жаштан 65 жашка чейинки 11 апа топко мүчө болгон. Топтун көркөм жетекчиси — Арсар Бектурова. Элеттик шайыр апалар формаларын өздөрү тиктирип, айыл эли үчүн отчеттук концерт тартуулашты. Мында көбүн эсе унутта калып бара жаткан элдик ырлар жаңырды. Алдыда апалар облустук, республикалык сынактарга катышууну пландашууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
14:20,   24.02.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×