Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Ысык-Көлдө класстан тышкаркы иштерди мыкты уюштургандар аныкталып, эс алууга жолдомо алышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда мектепте класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар арасында кароо-сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу облустук билим берүү борборунан Максат Курманалиев билдирди.

Анын айтымында, сынак 3 тур менен өттү. Жыйынтыгында орус тилдүүлөр арасында баш байгени Ысык-Көл районундагы Осмонов мектебинен Татьяна Асанова жеңип, «Ала-Тоо» эс алуу борборуна 12 күндүк жолдомо жана баалуу белек алды.

1-орунду Каракол шаарынын №15 мектебинен Жанетта Чукобекова ээлеп, «Түп-Маяк» эс алуу борборуна 5 күндүк жолдомо алды. 2-орунду Түп районунун Ш.Султанов атындагы мектебинин мугалими Мунара Дубанаева ээледи.

Ал эми кыргыз тилдүү мектептер арасында баш байгени Жети-Өгүз районунун Чабалдаев мектебинен Самара Акматова жеңип, 12 күндүк эс алууга жолдомо алды.

1-орунду Түп районунун Эгембердиев айылдык орто мектебинен Чынара Орузбаева ээлесе, 2-орунду Балыкчы шаарындагы №7 мектептин мугалими Айзада Жолдошбек кызы багындырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 760
×