Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Ысык-Көл

Фото, видео - Ысык-көлдүк 70 жаштагы Василий эки бутун үшүккө алдырды

Turmush -  Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылынын тургуну Василий Бедшадский кокустуктан эки бутун үшүккө алдырды. Өзү Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, 1948-жылы туулган. Анын бир уулу бар. Ал учурда Германияда жашайт.

«Мен карындашымдын үйүндө жашачумун. Бирок алар турак жайын сатып жиберишти. Караколго келип, бир аз тамак табайын деген ой менен жөө чыккам. Пальточон болчумун. Суукта ичкен элем, жолдо уктап калыптырмын. Турсам буту-колум тоңуп калыптыр. Караколдун базарына келип, кайыр сурайын дедим эле.

Азыр ооруп жатам. Мени милициялар ооруканага жаткырышты. Карколдуктарга сууктан абайлагыла, ичимдик ичпегиле деп айткым келет. Анын кесепетинен жакындарыңарды кыйнап, оорунун азабын тартасыңар», - деди ал.

Өзүнүн айтымында, мурда айдоочу болуп эмгектенген. Учурда мамлекеттен пенсия албайт.

Василийди милиция кызматкерлери Кызыл жарым ай коомуна жеткирип, ал жактан ооруканага жаткырылган.

«Кризистик борборго келгендерди алгач жуундуруп, башка кийим кийгизебиз. Ошол учурда бул адамдын бутун байкап калып, ооруканага алып бардык», - деди Кызыл жарым ай коомунун кызматкери Таалайбек Байзаков.

Дарыгерлер В.Бедшадский эки бутунан II-III даражада үшүк алганын айтышкан. Учурда анын буттарын сактап калуу максатында дарылап жатышат.

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, Ысык-Көл облусунда бүгүн, 30-январда түнкүсүн -12...-17 градус суук болсо, күндүз -2...-7 градус болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2098
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×