Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ысык-Көл

Түптө 4 айыл өкмөттүн башчыларына эскертүү берилди

Turmush -  Ушул жылдын 15-январында өз арызы менен райондун акимдик кызматынан кетүүгө арызын жазган Совет Исмаилов Түп районунун 2017-жылдын жыйынтыгына карата социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары жөнүндө коллегия өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Коллегияда акимдин орун басары Э.Дюшебаева маалымат берип, мамлекеттик салык кызматынын Түп райондук бөлүмүнүн, социалдык фонддун жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору жана агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын башчысы кошумча маалымат беришти.

Коллегияда Санташ, Михайловка, Сары-Булак жана Ысык-Көл айыл өкмөттөрүнүн башчыларына 2017-жыл ичинде өндүрүштүн, айыл чарбанын продукцияларын дүң өндүрүүдө өсүүнү камсыз кылбагандыгы жана премьер-министрдин тапшырмасына ылайык бир да өндүрүш ишканаларын ачпаганы боюнча эскертүүлөр берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 913
×