Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусу 22.01.2018 12:12

Ысык-Көл облустук оорукананын дарыгерлери планшет менен иштеп баштады

Turmush -  Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгерлери планшет аркылуу иштеп башташты. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында, «Таза коом» программасын ишке ашыруунун алкагында аймактарда медицинанын сапатын жакшыртуу үчүн «Таза медицина» программасы киргизилген.

«Биздин оорукананын ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн 2017-жылы электрондук системага өткөнбүз. Ошол мезгилде премьер-министр облуска болгон иш сапарынын алкагында биздин иш менен таанышкан. Ал иштин натыйжалуулугун арттыруу үчүн аталган системаны жакшыртуу тапшырмасын берген. Программа иштелип чыгып, 60 планшет сатып алууга тендер жарыяланган. Өткөн жумадан бери дарыгерлер планшеттин жардамы менен иштеп башташты», - деди ал.

Планшеттин жардамы менен дарыгер текшерүү учурунда бейтаптын даттануусу тууралуу дарыгердин күндөлүгүн түзө алат. «Дарыгер тиешелүү аниздерди жана дары-дармектерди ошол жерде дайындап, ал бейтаптын оору баянына түшүрүлөт. Бул дарыканаларда көрүнүп, адистер тиешелүү дарыларды жасап беришет. Мындан тышкары, төрөт бөлүмү №1 оорукана комплексинен 4 чакырым алыста жайгашкан. Бейтаптар дайыма атайын кесиптеги дарыгерлердин кеңешине муктаж. Мындан кийин төрөт бөлүмүнө келгенге чейин дарыгерлер бейтаптын оору баяны менен планшет аркылуу тааныша алышат.

Планшет менен иштөө медициналык кызмат көрсөтүүнү да жакшыртат. Оорукананын лабораториясына да планшет берилди. Жандандыруу бөлүмүнүн дарыгерлери планшеттерге бейтаптардын күндөлүк абалын түшүрүп жатышат. Муну менен бейтап которула турган бөлүмдүн дарыгерлери анын абалы тууралуу кабардар болушат», - деди ал.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы үчүн «Таза медицина» программасын бишкектик программисттер иштеп чыгышты. Учурда программа дарыгерлердин сунушу менен толукталып жатат. Планшеттер аталган оорукананын бюджетинин эсебинен алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×