Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ысык-Көл

Айыл турмушу: 15 баланын атасы Ж.Мамытканов тиккен 800 түп терек айылдын сейил багына айланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынын тургуну Мамытканов Жангазы 1991-жылы тиккен 800 түп терек айылдын сейил багына айланды. Бул тууралуу анын уулу Үсөн Мамыткан уулу билдирди.

Анын айтымында, атасы өмүр бою мугалим болуп иштеп, кийин эс алууга чыккан. 1991-жылы айылдын ортосунда каралбай калган жерди иштетип, терек тигип, карап, сугарып, өмүрүнүн акырына чейин ошол теректерди өстүрүү менен алектенген.

«Атабыз 1991-жылдан 2017-жылга чейин ардактуу эс алууда болду. Эмгекти сүйгөн адам эс алуусун иш менен айкалыштырып, айылдын ортосунан 1 гектар жер алып, 800 түп терек өстүргөн. Өмүрүнүн акырына чейин ушул иш менен алектенди. Атабыз былтыр 90 жашка чыгып каза болду. Биз 15 бир тууганбыз. 11 уул жана 4 кызына татыктуу тарбия берип чоңойтту», - дейт айылдагы мектепте мугалим болуп иштеген уулу Үсөн.

Аталган айылдын башчысы Улан Султан уулу убагында Жангазы Мамытканов тиккен теректер айылдын сейил багына айланып, анда Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон ардагерлерге арналган эстелик, балдардын аянтчасы курулган.

«1990-жылы жергиликтүү бийликтен уруксат алып, чоң ишембилик уюштуруп, окуучулары, балдары, айыл жаштары жана элеттиктер менен талдарды отургузган. Кийин өзү мал киргизбей кайтарды. Азыр теректер бой тиреп турат», - дейт ал.

Ал эми Ж.Мамыткановдун окуучулары учурда академик жана министр болгондугун балдары белгилешти.

«Атабыз жарым кылымга тете убакыт эл агартуу тармагында күжүрмөндүк менен эмгектенди. Атам менен учурда чогуу билим алган классташы — академик Мамабет Мамакеев, академик, химия илимдеринин доктору Бейшен Иманакунов болсо, атабыздын биринчи окуучулары — академик Жамин Акималиев жана КРнын эмгек сиңирген мугалими, мурдагы эл агартуу министри Мукаш Базаркулов болгон», - дешет балдары.

Жангазы Мамытканов 1927-жылдын 2-январында Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылында төрөлгөн. Ал орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттун химия-биология факультетинде окуп, аталган окуу жайын 1950-жылы бүтүрүп, дипломго ээ болгон.

1950-жылдан 1960-жылга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Сталин атындагы мектеп-интернатында директор, Ат-Башы районундагы Пограничник колхозунун мектебинде мугалим болуп иштеген. Ошондой эле, райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн. 1961-жылы Сары-Камыш айылына келип, окуу бөлүмүнүн башчысы, партиялык уюштуруучу болуп 30 жылдай эмгектенген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2471
Көп окулду
×