Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баракелде

Фото - Жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзгөн айдоочу Сокулуктан Бишкекке чейин алып келип, көчөгө таштап кеткен

Turmush -  Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери 1-январь күнү саат 02:30 чамасында жөө жүргүнчүнү сүзгөн унаанын айдоочусун кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тез жардам кызматынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде денесинен жаракат алган эркек киши табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал шаардык ооруканага ар кандай жаракаттар менен (баш сөөгүнөн жаракат алып, мээси чайкалып, буту сынган) жаткырылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жабырлануучу Чүй облусунун Сокулук районунун 1977-жылы туулган тургуну К.Н. экени аныкталды. Ал шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей көз жумган. Жабыр тарткан адамдын өлүмүнө унаа кырсык себеп болгону такталды.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-бернесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иш козголду.

Бишкеке ШИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери унааны жана анын айдоочусун аныктоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1972-жылы туулган С.А.ны кармашты.

Кармалган шектүүнүн айтымында, ал түнү Сокулук айылынын жолунда «Ford Transit» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жатып, жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Андан кийин ал жабырлануучуну унаа менен Бишкек шаарына алып келген. Бирок шектүү белгисиз себептерден улам жабырлануучуну көчөгө таштап кеткен.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3121
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×