Аталган бала бакчанын имараты 1984-жылы курулган жана буга чейин мектептин бир имараты болуп келген. Айылда буга чейин бала бакча болбогондуктан бул маселе айыл тургундарынын негизги көйгөйү эле.
Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан 12 млн сом бөлүнүп, эски эки кабаттуу имарат толугу менен оңдолуп, бардык шарттары менен бала бакча болуп ачылды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев бала бакчанын толук кандуу иштеши үчүн эмеректерди алууга көмөктөшөрүн билдирди.
Бала бакча 15-январдан баштап 100 баланы кабыл алып, төрт тайпа ишке кирет. Жаз айлары менен толук камсыздалып бүтсө, кезекте турган 80 бала да кабыл алына турганын жетекчилиги маалымдады.