Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Чүй

Айыл турмушу: Кол өнөрчү Д.Сарбаев ак илбирстин айкелин жасап, акысына унаа алган (фото)

Turmush -  Москва районуна караштуу Петровка айылынын 61 жаштагы тургуну Доктурбек Сарбаев 36 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Ал мектепте жалаң орус балдар менен окуп, кийин кол өнөрчүлөрдүн кесиптик-техникалык окуу жайынан мүйүз, сөөк кесүүчү 4-даражадагы чебер болуп чыккан. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Кол өнөрчүлүгүмдө эсте калган кызыктуу окуялар көп эле. Анын бири дипломдук ишим болду. Анда сөөктөн баатырлардын сөлөкөтүн түшүрүп, шахмат фигураларын жасагам. Өтө чыгармачылык менен жасагам, агайларым да баалап, «5» деген баа койгон. Андан кийин «Кыргыз көчү» деген эмгегимди жасадым. Илгери көчмөн ата-бабабыз көчүп-конгондо бийик тоого тик чыкчу экен. Мүйүздүн бетине дал ошол көрүнүштү түшүрдүм. Бул эмгекти 2003-жылы А.Акаевдин убагында «Жибек жолу» деген форумда музейге койгонбуз. Аны 6 ай жасаган элем. Кийин атайын жай ачылып, кол өнөрчүлөр буюмдарыбызды ошол жерге койгонбуз. Бирок көпкө узабай Аскар Акаевге каршы жасалган төңкөрүштө ал буюмдарыбызды тоноп кетишиптир. Ошондо келинчегим экөөбүз аябай оорудук. Бир иш кайра ошондой болуп жасалбайт. Саясий оор кырдаал болгондо ушул бизге окшогон кол өнөрчүлөрдүн жумушу токтоп, бир аз кыйналып калабыз. Кийин бир кишинин үйүнө ак илбирстин айкелин накта өзүндөй кылып жасап берип, анын акысына автоунаа алдым. Азыр ден соолуктун айынан кол өнөрчүлүк менен аз убакыт гана алектенип калдым», - деди ал.

Доктурбек Сарбаев 1957-жылы 1-январда Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

«Атам-энем жөнөкөй жумушчу болгон. Атам колхоздо жылкы бакчу, апам тикмечи болчу. Өзүм 8 бир тууганмын, анын бешөө уул, үчөө кыз. Беловодск №2 орто мектепте жалаң орус балдар-кыздардын арасында жалгыз кыргыз бала болуп окугам. Ошондо 1972-жыл болчу, андан кийин аскерге чакырылдым. Аскерден келгенден кийин 1975-1977-жылдары Беловодск автобазада унаа ширетүүчү болуп иштеп калдым. Андан соң 1980-1982-жылдары кол өнөрчүлөрдүн кесиптик-техникалык окуу жайынан мүйүз, сөөк кесүүчү 4-даражадагы чебер болуп чыктым. Окууну бүтөрүм менен 1985-жылга чейин кол өнөрчүлөр бирикмесинде иштеп жүрүп, кийин Москва райондук маданият үйүндө 1985-1989-жылдары сүрөтчү болуп иштегем. Анда мектептерге, маданият үйлөрүнө кооз сүрөттөрдү тартып берчүмүн. Ал кезде мектепте көргөзмө куралдар аз болор эле. 1989-жылы кайрадан кол өнөрчүлөр бирикмесинде иштеп жүрдүм. Ал ортодо 1991-жылы келинчегим Гүлмира Тезекбаева менен баш кошуп, экөөбүз 1 уул, 2 кыздуу болдук. Кызым экономист, балам зергер, кичүү кызыбызды унаа коюп, 4 жыл мурун жоготуп алганбыз», - деди ал.

Д.Сарбаев кол өнөрчүлөр бирикмесинде 1995-жылдарга чейин иштеген. Ал бир гана сөөктөн эмес топурак, темирден, цементтен, гипстен ар кандай буюмдарды жасап келет.

«Мен негизи жыгач, сөөк, топурак, темирден, цементтен, гипстен ар кандай буюмдарды жасап жүрөм. Бирок сөөк, жыгач менен гана көбүрөк иштейм. 1990-жылдары заман кыйын болуп турганда ушул кол өнөрчүлүктүн арты менен жан бактык. Кудайга шүгүр жашаган үйүбүз, балдардын окуусу, жашообуз ушул кол өнөрчүлүктүн арты менен болуп келди. Жасаган буюмдарымдын баасы көлөмүнө, татаалдыгына жараша. Мени менен кошо жүргөн келинчегим, уулум, кызым да кол өнөрчүлүккө аралашып калышты. Бул үй-бүлөлүк киреше булагыбызга айланды. Мындан сырткары автоунааларды оңдогонду, сүрөт тартканды жактырам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 49 адам окуп жатат)
×