Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Баракелде

«Шербетке уйкунун дарысын кошуп коюшкан»: Р.Ташовдун кызматынан алынышы тууралуу Мамстаткомдун төрагасынын билдирүүсү (видео)

Turmush -  Ноокат районунун мамлекеттик статистика бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Расулбек Ташовдун кызматынан алынышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов Тurmush басылмасына билдирүү жасады.

Анын айтымында, учурда Ноокат районунун мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчисинин убактылуу милдетин Асан Жунусов аткарып жатат. А.Жунусов мамлекеттик статистика кызматында 2006-жылдардан бери эмгектенип келген.

«Расулбек Ташовдун окуясына байланыштуу кызматтык териштирүүлөр бүткөндөн кийин аталган жетекчилик кызматка сынак жырыялоо сунушу менен Мамлекеттик кадр кызматына кайрылабыз. Алар өздөрү сынак жарыялашат. Сынакта 30 упайдан жогору топтогон талапкелер бизден аңгемелешүүдөн өтүшөт. Андан кийин тандалып алынган талапкерге, Ноокат районунун мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчисине дайындалды деген буйрук чыгат. Расулбек Ташов кечээ "менин ордума бирөөлөр кызыгып жүрүшкөн, бүгүн алар максатына жетишти" деген мааниде маалымат жыйын өткөрүптүр. Бул туура эмес. Жогоруда айткандай эле, жетекчилик кызматка талапкерлер сөзсүз сынак менен келишет.

Р.Ташовдун видеотасмасы интернетке чыккандан кийин эле кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча Ош облустук бөлүмдүн жетекчисине тапшырма бергем. Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, Ноокат районунун мамлекеттик статистика бөлүмүнүн кызматкерлеринен түшүнүк кат алынып, териштирүү жүргөн. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен ал киши кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазган. Арызда башка жумушка которулуп жаткандыгын айткан. Бирок мындай иштерди катуу карашыбыз керек, жумушта тартип болушу зарыл. Ошондуктан биз бул жерден мыйзам боюнча кетирүү чечимин кабыл алып, берене менен арызына кол коюп, буйрук чыгардык», - деди ал.

А.Султанов кызматтык териштирүү жүргүзүү учурунда мамлекеттик статистика бөлүмүнүн кызматкерлери эки топко бөлүнүп алгандыгы маалым болгондугун кошумчалады.

«Р.Ташовдун орун басары буга чейин ушундай окуяларды билсе, эмне үчүн өз учурунда бизге маалымат берген жок. Демек булар баарын жаап-жашырып жүрүшкөн. Мындан улам ал кишини дагы жумуштан алууга туура келди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Р.Ташовдун окуясы президенттик шайлоодон кийин болгон. Ал өзү ушул күнгө чейин «мени ким видеотасмага тартып, интернетке жарыялаган» деп жыйналыш жасаган. Эгер чын эле маалымат жыйында билдиргендей каралоо болсо, анда бизге алдын ала кабар бериши керек эле. Мурда биздин кызматта мындай окуя болгон эмес, болбошу да керек», - деди төрага.

Интернетке жарыяланган видеотасмадан кийин кызматынан бошотулган Ноокат районунун мамлекеттик статистика бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Расулбек Ташов видео атайын тартылганын кечээ, 11-январда АКИpress-Ошто маалымат жыйында билдирген болчу.

Анын айтымында, кызыктар адамдар ага уйкунун дарысын берип, андан кийин видеого тартышкан.

«Мени иш бөлмөмдө мас абалда уктап жатат деп тараган видео боюнча атайын кайрылуу жасап жатам. Себеби мага атайын чагым уюштуруп, шербетке уйкунун дарысын кошушту. Муну менин ордума кызыккан адамдар жасашты. Атайын арактын жана 2 шербеттин идишин коюп видеого тартышкан. Арак ичкиси келген адам эшикте бекинип алып ичмек. Мен шербет ичип отуруп уктап калгам. Ошол учурда биздин жаныбызга арактын идиштерин коюшуп, видеого тартышкан. Менин кабылдамамда отурган кыз катачылык кетиргенде ага сөгүш жарыялап, андан бир күн өткөндөн кийин ушул видео интернетке тарап кетти. Орун басарымдын тиешеси жок болсо да иштен алып салышты. Ага эмне себептен чара көрүшкөнүн билбейм. Кызыкдар адамдар бар», - деди ал.

Ал эми, Р.Ташовдун кошуналары анын арак ичкенине ишенбей турганын билдиришти. Айыл тургуну Рустам Матраимовдун айтымында, Р.Ташов менен көп убакыттан бери тааныш.

«Расулбекти жаш кезинен бери билем. Ал көптөн бери намаз окуп жүрөт. Иш бөлмөсүндө арак ичти деген жалган доомат деп ойлойм. Ага уйкунун дарысын беришип, кызматынан кетирүүгө кызыкдар болушкан. Мындай жакшы иштеген балдарды иштетпей жатышат», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Мамлекеттик статистика комитети жүргүзгөн кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгы менен Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчылары ээлеген кызматынан бошотулганын маалымдаган. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесинин 6-пунктунун негизинде (эмгек эрежесин одоно бузуу) кабыл алынган.

Ошондой эле, Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шайырбек Арапов Нурматович кызматтан бошотулду.
Окуя тууралуу:
Ноокат районундагы мамлекеттик имаратта жумуш учурунда мас абалда отурган мамлекеттик кызматкерлер тартылган видеого байланыштуу тактоо иштери жүргүзүлдү. Буга чейин бул окуя Ноокат РИИБде болгону социалдык тармактарга тараган эле. Кийинчерээк видеодогу адамдардын Ноокат РИИБге тиешеси жок экени маалым болду.
Чуулуу тасма тууралуу Расулбек Ташов пикирин билдирип, атайын каралоо болгонун айткан. Анын айтымында, видеотасмага өзү жана Болот аттуу таанышы тартылган.

«Бул окуя президенттик шайлоонун эртеси — 2017-жылдын 16-октябрында болушу мүмкүн. Ал күнү Болот экөөбүз иш убактан тышкары шербет ичкенбиз. Шербетке кимдир бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп коюшуп, биз уктап калыптырбыз. Муну атайын каралоо максатында уюштурушкан. Эртеси күнү ооруканага да кайрылгам. Ноокат РИИБдин башчысы ал жерде жок болчу. Кимдир бирөөгө менин кызмат ордум керек болуп жатат окшойт», - деди Р.Ташов.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2061
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×