Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Түптүк З.Абдылдаев интенсивдүү бакчада алма өстүрүүнүн пайдасын айтып берди (фото)

Turmush -  Түп районунун Ой-Булак айылынын тургуну Замир Абдылдаев алманын жаңы сортторун интенсивдүү бакчада өстүрүүдө. Аймактык кабарчы багбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 25 жылдан бери алма бак түптөп, өнүктүрүү менен алектене баштаган.

«Кесибим боюнча бактарды өстүрүү боюнча инженер технолог болгондуктан 1992-жылдан тарта элеттен атайын жер бөлдүрүп, көчөттөрдү өстүрө баштадым. Ал жерде суу тартыш. Алгач чөп өстүрүп, андан кийин бак отургузуп, элдик ыкма менен өстүрө баштагам. Бирок суунун тартыштыгынан улам жакшы өспөй келген. Эки жылдан бери жаңы ыкманы колдонуп, интенсивдүү бакчага айлантып, алманын жаңы сортторуп өстүрүп жатабыз», - дейт З.Абдылдаев.

Ал белгилегендей, интенсивдүү бакчада өстүрүлгөн көчөттөр эрте жана мол түшүм берет.

«Интенсивдүү бакча багбанга абдан пайдалуу экен. Аз жерге көп көчөт тигилип, 2-жылы түшүм бере баштайт. Тез жетилет. Мисалы 1 гектар жерден 50-70 тонна түшүм алууга болот. Тамчылатып сугарууга ылайыктуу. Бир гектар алма багынан биринчи жолу 800 кг түшүм алгам. Учурда 700 метр аралыктан суу тартып, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонууга даярданып жатам. Алманын түшүмүн Казакстанга экспорттоп жатам», - дейт ал.

Замир Абдылдаев 1964-жылы аталган айылда туулган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы Политехникалык институтунда билим алып, инженер технолог адистигине ээ болгон. 4 баланын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1161
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×