Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Ысык-Көл

Фото - Караколдо ЫМУнун окутуучулары арасында «Ден соолук» спартакиадасы башталды

Turmush -  Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде профессордук – окутуучулар жамаатынын арасында «Ден соолук» спартакиадасы болууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Спартакиада 9-январдан 19-январга чейин уланып, спорттун 8 түрү — волейбол, футбол, баскетбол, шахмат, тогуз коргоол, аркан тартыш, теннис, эстафета боюнча мелдеш өткөрүлөт. Мелдештин негизги максаты — республикалык «Ден соолук» спартакиадасына ЫМУнун курама командасын топтоо жана сергек жашоого үндөө, ынтымакты бекемдөө болуп саналат.

Спартакиаданын соңунда байгелүү орундарга ээ болгон командалар тиешелүү даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышып, жалпы команда эсебинде 1-орунду багындырган команда өтмө кубокко ээ болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 358
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×