Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Чолпон-Атада алгачкы жолу муз аянтча ачылды (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарында алгачкы жолу муз аянтчасы ачылды, деп билдирет аймактык кабарчы. Муз аянтча шаар тургуну Азат Каратаевдин демилгеси менен шаардын түштүк тарабында жайгашкан Кара-Көл көлмөсүндө ачылды.

«Бул көл жылда эле тоңот, бирок шаардыктар келип коньки тепчү эмес. Билген балдар гана келип, хоккей ойноп калышчу. Атайын адистерге кайрылып, муздун тоңуу өлчөмүн текшертип көрүп, расмий түрдө муз аятчасын ачтык», - дейт ал.

Муз аянтчасынын ачылыш аземине Чолпон-Ата шаарынын мэри Акыл Саралаев, Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Динара Акматова катышып, элди сергек жашоого үндөөгө салым кошуп жаткан ишкердин демилгесин колдоого алышарын айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1136
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×