Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ысык-Көл

Тагдыр: Жол кырсыктан жолдошу менен кызынан ажыраган Ж.Исакованы өспүрүм балдары багууда (фото)

Turmush -  Жол кырсыктын кесепетинен жолдошунан жана кызынан ажыраган Каракол шаарынын 41 жаштагы тургуну Жаңылкүл Исакова дайыма дарыланып турууга муктаж. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жолдошу А.Саабаев өзүнөн 15 жашка улуу болсо да, сунушун четке какпай турмушка чыккан. Алар 1998-жылы баш кошуп, 4 балалуу болушкан. Жолдошу айдоочу болуп, бир катар жыл эмгектенгенден кийин Якутияга иштегени кеткен.

2013-жылы жолдошу Якутиядан келип, аны жана кичүү кызы Даткайымды салып, айылга бара жатканда жол кырсыкка кабылышкан. Анын кесепетинен 1 жаштагы Даткайым ошол жерде көз жумса, жолдошу 4 күн ооруканада жатып, эсине келбей каза тапкан. Ж.Исакова бир апта оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатып, дарыгерлердин жардамы менен аман калган. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дайыма дары ичүүгө мажбур.

«Башымдан катуу жаракат алгандыктан иштөөгө мүмкүн болбой калды. Учурда уулум жана кызым эмгек биржасында иштеп, мага дары-дармек алып келишет. Улуу кызым Нурпери 16 жашта, кийинки уулум Бактияр 14 жашта, Даниэль болсо 7 жашка чыкты. Учурда абдан оор кырдаалда жашап жатабыз. Мен дагы иштеп, мектепте окуган балдарымды багууга ден соолугум жол бербей жатат. Дайыма дары ичип, дарыланууга мажбурмун. Мамлекеттен алган 4 миң сомду бир айга жеткирүүгө аракет кылабыз. Балдарым башка балдардай болуп билим алып, эч нерседен кем болбой жашаса дейм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1299
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×