Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.01.2018 14:17

Караколдо «Ак-Тилек» базарынын соодагерлери нааразычылык акциясына чыгышты (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын мэриясынын имараты алдына бүгүн, 10-январда «Ак-Тилек» базарынын соодагерлери чогулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Соодагерлердин айтымында, алар Каракол шаарынын мэриясы базардан тышкаркы соода-сатык жүргүзүүгө тыюу салгандан кийин нааразычылык акциясына чыгышкан.

«Биз көп жылдан бери базардын жанында Карл Маркс көчөсүндө соода кылып келебиз. Быйыл мэриядан адамдар келип, базардын айланасында соода кылууга тыюу салып, базардын ичине кирүүбүздү талап кыла башташты. Бирок соода бардык жерде бирдей жүрбөйт. Бул жерлер кардарлар үчүн көнүмүш жер болуп калган. Соодагерлердин ар биринде насыя бар. Студент балдарыбыз бар, үй-бүлөбүздү багышыбыз керек. Соода кылуу биздин негизги киреше булагыбыз», - дейт сатуучулардын бири Анара.

Ошондой эле, сатуучулар жергиликтүү бийликтен бул аймакта соода кылууга тыюу салбоону суранышууда. Буга байланыштуу алар мэриянын кызматкерлери менен жолугушуп, маселени талкуулашууда.

Учурда Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевы баштаган делегация Ош шаарында иш сапары менен жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×