Бөлүмдөр
Ишемби, 21-апрель
Ысык-Көл

Караколдук жаш балбан А.Данапияев эл аралык мелдештерде эки ирет күмүш медаль тагынды

Turmush -  Караколдук жаш балбан Данапияев Арген самбо боюнча эл аралык мелдештерде эки ирет күмүш тагынды. Бул тууралуу Каракол шаардык балдар жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, А.Данапияев биринчи күмүш медалды Казакстанда 2017-жылда өткөн Актаунун кубогу үчүн болгон эл аралык мелдеште 52 кг салмакта чыгып, 2-орунга ээ болгон.

Экинчи күмүш медалды Афган согушунун катышуучусу Жылдызбек Айнакуловдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирде алган. Арген учурда 9-класста окуйт жана спорттун чебери болууга умтулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 585
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×