Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 10.01.2018 10:47

Айыл турмушу: Кол өнөрчүлүк менен киреше тапкан 23 жаштагы Айзада дүкөн ачууну пландоодо (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кара-Таала айылынын 23 жаштагы тургуну Бакытбек кызы Айзада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүктү апасынан үйрөнгөн.

«Мен Нарын шаарында төрөлгөм. Мектепти 2013-жылы аяктагам, ошол учурдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенем. Кийин Кара-Талаа айылына келин болуп келдим. Кол өнөрчүлүктү апам менен таенемден үйрөнгөм. Көбүнчө байпактарды, башмактарды түйөм. Кичинекей балдардын топуларына, башмактарга буйрутма көбүрөөк түшөт. Азырынча айылдын ичинде сатып жатам, буйрутма бергендер көбөйүп жатат.

Тапкан кирешеме жиптердин түрүн алып коём. Апама барып же интернет аркылуу жаңы ыкмаларды үйрөнүп турам. Бардык буюмдарды айыл эли баалап сатып алышат. Тизеге чейин түйүлгөн байпактар 350 сомдон, тизеден ылдыйраактары 250, кыска башмактар 150, ал эми кичинекей балдардыкы 100, 150 сомдон сатылат. Бул иш аркылуу кошумча киреше таап жатам. Келечекте 3-4 жардамчы алып, өзүмө окшогон жаш келиндерге жардам берип, токулган буюмдарды сатуу үчүн чакан дүкөн ачууну пландап жатам», - деди ал.

Бакытбек кызы Айзада бир кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×